Боом капчыгайындагы кафелердин бирине кирип, карактоого аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кечээ, 4-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 30-март күнү саат 05:00 чамасында Боом капчыгайындагы кафелердин бирине белгисиз адам кирип келип, сатуучу кызды бычак менен коркутуп арак, сыра берүүсүн талап кылган. Бирок ошол учурда ал жерде Тоң районунун милиция кызматкерлери болгондуктан, кылмышка шектүү дароо эле кармалган.
Иликтөөнүн жүрүшүндө кармалган адам 1989-жылы туулган Жумгал районунун тургуну экени аныкталган. Ошондой эле анын мурда соттолуп, жаңы эле психиатриялык ооруканадан чыкканы белгилүү болду. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.