Жылнаама, 6-апрель: Мындан 4 жыл мурун Талас облусунда күч органдары менен элдин ортосунда кагылышуу болгон

* Мындан 118 жыл мурун Афиныда заманбап Олимпиада оюндарынын ачылышы болгон. 1894-жылы Парижде Франциянын коомдук ишмери Пьер де Кубертендин демилгеси менен эл аралык конгресс болуп, анда 12 өлкөнүн өкүлдөрү анын пикирин колдоп, Олимпиада оюндарынын эрежесин бекитишкен. Ошону менен бирге Эл аралык Олимпиада комитети түзүлгөн. Ага Грециянын өкүлү Деметриус Викелас жетекчилик кылып, биринчи Олимпиада оюндарын 1896-жылы Афины шаарында өткөрүү чечими кабыл алынган.

* Мындан 102 жыл мурун Шабдан Жантай уулу 72 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Ал жаштайынан эле коомдук иштерге аралашкан. Атасы Жантайдын таасири менен орустарга өтүп, ак падышага кызмат өтөгөн. 1883-жылы ал падыша Александр IIIнүн тактыга отуруу аземине катышып, аскер старшинасы наамы жана алтын саат менен сыйланган.

* 1994-жылы Руанданын борбору Кигали шаарында өкмөттүн Dassault Falcon 50 учагы атылып түшүрүлгөн. Учакта болгон 10 адамдын баары каза болгон. Анда Руанданын жана Бурундинин президенттери да бар эле.

* 2010-жылдын бул күнү Талас облусунда күч органдары менен элдин ортосунда кагылышуу болгон. Анда бийликке нааразы болгон эл облустук администрацияны басып алган. 

Жылнаама толугу менен бул жакта...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
primer-dent
2014-04-05 20:58:19
Откон 4 жылда эмне озгорду.Баягы байкожону таягы.Жыргализм болотургандай элестетишет тим эле.Бакиев иштеп турса кыйла алдыга жылат беле Кыргыстан.Жесе дагы ишин аткарып анан жеваткан.Ит онаган жерде тук калат дегендей.
+3
kara_kulzha
2014-04-06 09:35:09
primer-dent, туура айтасын президент болору менен мектептеги китептер бекер болгон, Акаевдин учурунда 12 сомдон алат элекго бир китепти, ошо менен бирге мектепке ремонтко деп чогулткан акчаны да жойгон, 1чи класстан 4чү класска чейинки жаш балдарга бекер ыссык чай бердирген. Камбар Ата 2 ГЭСин өз күчүбүз менен курду. Айта берсе дагы көп!
АША 4 жылда бир нормальный иш жасай албады, кайра жакшы иштегендерди иштен алып таштады!
+4
adiletaltynbek
2014-04-06 10:17:35
kara kulzha свет 1.50сом болгону,телефон чалууга 60 цент,светти режим менен өчүрүү анын баарын ким киргизди эле эстесең,калп эле ууруну мактай бербей
-6
best-life
2014-04-06 17:56:56
adiletaltynbek,азыр эмне бекер свет жагып,бекер суйлошуп жатасынарбы?!Сахар Бакиев мезгилинде22с б-со,азыр 70-85с,бензин28сб-со азыр 40,башка ун,май,чай азык-тулук майдалары толуп жатат баасы асманды чапчып.Тобонордон кан алды го ашаке,же май кол,сут кол жашоо бп жатабы.Бакиевдин мезгилинде онугуу болгон,Нарынга эн чон универ курам деп жаткан,бекер школдо 4-кл чейин ысык тамак ойдеги толтура б-чу
+2
best-life
2014-04-06 18:06:45
Тулеевдей мыктылар Бишкекти карап жаткан, а тиги ххх экс-мэр Бишкекти карамак тугул башкасын айтпайын дарактардан бери оорутту го.Просто Бакиев АКШ мн кобуроок иш алып барганы учун орустар алып тушту аны.Аша келгенден бери эч онугуу болбоду,жон гана элдин ххх ххх,дагы уялбай баатыр деген наам берип,кыргыз мн кыргыз урушса да ошондой наам бермек беле.Жон гана колдонуп кеттик апрель окуясында деп койгула да.Мамлекетке булук салгандар,Журт бузарлар десе болот апрельде келген
+5
admin_superstan
2014-04-07 10:08:41
best-life, бирөөнүн дарегине карата далили жок, негизсиз айыптарды камтыган билдирүүнү калтырууга тыюу салынган. Эскертүү!
-1
adiletaltynbek
2014-04-06 19:39:21
best-life бакиевиңер кайра келе тургансып эле мактайсыңар да,эл туура эле кылган ал убакта,просто мобул атка минерлерди жок кылыш керек кайра эле ошол эле адамдар келип албадыбы Атамбаев баш болуп,жаңы адамдар келиши керек.кайра бийлик алмашса деле эч нерсе өзгөрбөйт анткени баары эле мурдагы жеп ичкендер келет жээнбеков,ташиев дегендер.
-5
best-life
2014-04-06 20:39:46
adiletaltynbek, мен болгон чындыкты айттым. Сенин айтканындын да чындыгы бар ошол эле куркулдор, б.к курсактар келди бийликке кайрадан. Баягы жолоочуну ээрчип ит олот дегендей бирде Россияны, бирде АКШны ээрчип жатып мамлекетибизди ЖКнын дармоеддери тунгуюкка кептеп бара жатышат. Балким, биз эч кимди ээрчибий озубузчо кыргыз саясаты мн кетсек туурадыр...
+2
barsa1984
2014-04-06 20:49:22
best-life, болгон денгээлинди коргозупсун
0
Turadi
2014-04-06 22:51:23
best-life, туура айтасын. Бирок кайсы кыргыз саясаты. Ошол ар кайсы мамлекетти ээрчимейдин озу кыргыз саясаты эмеси?
+2
Elya20
2014-04-06 22:59:20
Бакиев жакшы болчу дегендин баары ххх
-1
admin_superstan
2014-04-07 10:14:30
Elya20, сайттын башка колдонуучуларын кемсинтүүгө тыюу салынган.
Эскертүү!
0
nazhiev80
2014-04-07 00:47:44
Бакиевти мына биздин президент деп сыймыктанып айталат элек!Азыркынычы уяласын ойлонбой эле суйлоп таштайтко,мисалы Убагында Акаев волгада жургондо менин Мерседесим бар болчу деп,уяласында просто!
+1
primer-dent
2014-04-07 05:21:20
Эмне десен де барибир Бакиев заманы жакшы болчу.Эми тартип кучоп элдин турмушу онолватканда жок кылышты коралбастар.Жардамга ун ,май,шекер жеп калган болчу элдер.Азырчы эшектин тезеги дагы жок.
+2
admin_superstan
2014-04-07 09:53:50
artur_kgboy, ар бир колдонуучу өз оюн жазууга укуктуу. Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз. Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан