“Оксус” компаниясынын өкүлү Шон Дейлиге кол салуу боюнча мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын уулу Марат Бакиев 20 жылга, иниси Жаныш Бакиев менен кичүү уулу Максим Бакиев өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Жогорку Соттон кабарлашты.
Маалыматка караганда, 2005-жылы “Оксус” компаниясы Таластагы "Жер-Үй" алтын кенин иштетүү лицензиясын алган. Бирок ошол учурдагы президенттин уулу Максим Бакиев аталган кенден өзүнө пайда табууга аракет кылып, лицензияны башка компанияга алып берүүгө аракеттенген. Мындан улам 2006-жылдын 7-июлунда Шон Дейлиге кол салуу болуп, ал оор жараат алган. Буга Максим Бакиев, Жаныш Бакиев жана Марат Бакиевдин тийиштиги бар делинген.