Бөдөш Мамырова: "Башкы прокурор Президенттин атынан жооп бере турган деңгээлге жетип калыптыр"

ЖКнын 26-декабрдагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова Башкы прокурор Аида Салянованын иш-аракеттерин сынга алып, аны этият болууга чакырды. Анын айтымында, Садыр Жапаров элдин кызыкчылыгы үчүн митинг уюштуруп, ошонун артынан камалып отурат. "Аида Жеңишбековна, туура, Прокуратурада иштеген адамга бир аз мерездик сапат керек. Бирок мыйзамсыз иштерге келгенде мынчалык мерез болбоңуз. Бул күндөр да өтөт, азыркы кадамдарыңызга миллион жолу өкүнгөн учурлар бат эле келип калат. Мына, соттун атынан жооп берип жатасыз, жакында президенттин атынан да жооп бере турган деңгээлге жетип калыпсыз, тизгиниңизди тартыңыз, уят болот",- деди Мамырова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан