Чүй облусунда адам өлтүрүү фактысына шектелип, 24 жаштагы айым кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 3-апрель күнү Москва районунда бычактан жараат алган 24 жаштагы эркек адамдын өлүгү табылган. Бул боюнча милиция кызматкерлери тарабынан ыкчам аракеттер жүрүп, кылмышка шектүү катары аны менен бирге жашаган 24 жаштагы айым кармалган. Анын айтымында, экөө бирге арак ичип отурушуп, ортодо чыр чыгып кеткен. Анан кылмышка шектүү маркумду бычак менен сайып салган.
Учурда адам өлтүрүү фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.