Бишкекте жол кырсыктын кесепетинен айдоочу көз жумду

Кечээ, 6-апрелде Бишкекте болгон жол кырсыктын айынан айдоочулардын бири көз жумду. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 6-апрелде саат 8:10 чамасында Бишкектин Л.Толстой көчөсүндө Мазда жана Хонда үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Анын кесепетинен биринчи унаанын айдоочусу 56 жаштагы А.Айтахун каза тапты.

Унаалар автоунаа токтотуучу жайга токтотулду. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан