“Сейтек” балдар борборунда илгерки согуш түрү боюнча фестиваль өтөт 

9-апрелде Бишкектеги “Сейтек” балдар борборунда "Сейтекте" тайчы майрамы" деген аталышта Тайцзицюань фестивалы өтөт. Фестиваль КРнын Салттык ушу федерациясы жана Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитети менен биргеликте уюштурулууда. Майрамдын башкы максаты - Кыргызстанга салттык ушу стилинин ичиндеги тайцзицюань багытын жайылтуу.    

Кошумчалай кетсек, жыл сайын ушул күнү Тайцзицюанды жайылтуунун эл аралык күнү белгиленет. Уламышка караганда, 13-кылымдын 9-апрелинде тайцзицюань стилин негиздөөчү Чжан Саньфэн туулган делет.

Ушу - кытайдын илгерки согуш түрү. Ал өзүнүн багыты жана ар түрдүүлүгү менен белгилүү. Тайцзицюань стили же “муштумдун улуу чеги” өзүнө таандык сулуулугу жана ден соолукту жакшыртуусу менен кеңири таралган.

Бишкек шаарында тайцзицюань менен машыккандар 14 жаштан баштап майрамга катыша алышат. Анда куралдуу жана куралсыз топтук көрсөтүүлөр болот. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлады. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан