Бүгүн эртең менен борбор шаарда автобус менен кичи автобус кагышып, жүргүнчүлөр жабыркады. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Жол-кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, жүргүнчүлөрдү ташуучу автобус менен кичи автобус Тынчтык проспекти менен түштүктү карай баратканда кагылышкан. Анын кесепетинен маршруттук такси оодарылып кеткен. Кырсыктан жабыркаган жүргүнчүлөр бар. Учурда алардын саны такталууда.