“Мадина” базарынан сумка уурдады” деп шектелип эки айым кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын 40 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда “Мадина” базарынын аймагынан белгисиз адамдар ичинде 2770 сом жана документтери бар сумкасын уурдап кетишкени айтылган.
Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, изи сууй электе кылмышка шектүү катары 27 жаштагы Лариса жана 22 жаштагы Мээрим кармалды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.