Алтынбек Сулайманов төраганы чечкиндүү болууга чакырды

"Садыр Жапаровду ЖКнын жыйынына катыштыруу үчүн чечим чыгаруучу сотту Парламентке чакырыш керек". Бул сунушту ЖКнын бүгүнкү 26-декабрдагы жыйынында депутат Алтынбек Сулайманов айтып чыкты. Анын айтымында төрага бул маселеде чечкиндүү кадамдарга барып, мыйзамда көрсөтүлгөн укугун пайдаланыш керек. "Урматтуу төрага, сиз Садыр Жапаровду жыйынга катыштыруу үчүн УКМКга кат жөнөттүм деп жатасыз. Алар сиздин катыңызга бир айдан кийин жооп берет. Биз парламенттик өлкөбүз, сиз төрагасыз. Чечкиндүү чара көрүп, ошол сотту чакырыңыз, келип жарым сааттын ичинде чечим чыгарып берсин" деди Сулайманов. Төрага андай кылууга мүмкүн эмес экенин айтып, мыйзамга баш ийем деген жообун берди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан