Ош облусунун Кара-Кулжа районунда жыл башынан бери уурулук боюнча 14 кылмыш иши катталган. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде Ош ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 4 компьютер, 1 даана «HP» үлгүсүндөгү ноутбук, 1 «Сони» үлгүсүндөгү фотоаппарат, 6 даана «Нокиа» үлгүсүндөгү уюлдук телефон, 210 даана сим-карта, 2 даана тир мылтыгы, 1 даана тир тапанчасы жана 18 900 сомдук кеңсе товарлары уурдалган.
Бул уурулук фактылары боюнча Кара-Кулжа РИИБинин кызматкерлери ыкчам иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү катары Кара-Кулжа айылынын тургуну, 1996-жылы туулган Ж.У. аттуу жаранды кармашкан. Учурда ал тергөө бөлүмүндө сурак берүүдө.