Кара-Кулжа районунун аймагында мал уурулук менен алектенип келишкен 2 топ кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде ОИИБинин басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев билдирди.
Маалыматка ылайык, кармалган топтун биринчилери 4 кишиден турган. Алар Өзгөн районунун Б.С., К.Т. жана К.У. аттуу тургундары жана Кара-Кулжа районунун Э.С. аттуу тургуну болгон. Аталган кылмыштуу топ тарабынан 2013-жылдын ноябрь айынан бери 9 торпок, 1 кой уурдалып, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 170 500 сомду түзгөн. Ошондой эле кылмыштуу топтун экинчиси 2 адамдан турган. Алар: Кара-Кулжа районунун тургуну Ж. Э. жана Өзгөн районунун тургуну Т.У. Булар тарабынан 2013-жылдын декабрь айынан бери 7 баш кой уурдалган.