Мамлекеттик салык кызматында пара талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы бүгүн, 7-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, Чүй облусунун Жайыл райондук салык башкармалыгынын кызмат адамы ишкананын маселесин оң жакка чечип берүү үчүн пара талап кылган. 4-апрель күнү пара алып жаткан жеринен ортомчу кармалган. Анын айтымында, акчаны Жайыл райондук салык башкармалыгынын бөлүм башчысына бермек. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.