Аламүдүн районунда 25-декабрь күнү түнкү саат 00:30дарда ВАЗ-21063 унаасынын айдоочусу бир жаранды сүзүп кетти. Бул тууралуу бүгүн, 26-декабрда Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматы билдирди. 30-35 жаштагы жабырлануучу окуя болгон жерден каза болгон. Учурда унаа айып төлөөчү токтоочу жайга токтотулуп, тергөө иштери жүрүүдө.
.