Ош облусунун Араван районунда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 7-апрелде билдирди.
Маалыматка ылайык, турак үйдүн 160 чарчы метр чатыры, 5 эшик, 3 терезе, үй эмеректери жана 1 тонна чөп күйгөн.
Өрт электр жабдууларын туура эмес колдонуудан улам келип чыккан.