Данияр Тербишалиев: "Атыбызды Жогорку Кеңеш эмес Жогорку Сот деп өзгөртөлү"

"Биз атыбызды Жогорку Кеңеш эмес Жогорку Сот деп коёлу" деди депутат Данияр Тербишалиев. Анын айтымында депутаттар көпчүлүк учурларда козголгон кылмыш иштерине байланыштуу соттун ишине кийлигишип жатат. "Кимдин ким экенин сот аныктасын, мыйзамдуулукту сактайлы" деди депутат. Айта кетсек, ЖКда Садыр Жапаровдун мүлктү мыйзамсыз алып-сатуу иштери боюнча аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү маселеси каралып жатат. Башкы прокурордун айтымында эгер депутаттар аны жоопкерчиликке тартууга макулдук берсе, анда ал кол тийбестигинен да ажырайт. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан