Бүгүн, 7-апрелде президент Алмазбек Атамбаев "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрелиндеги Элдик революциянын 4 жылдыгына арналган иш-чарага катышып, монументалдык тактага гүлчамбар койду.
Эскерүү иш-чарасына Жогорку Кеңештин төрагасы Асылбек Жээнбеков, премьер-министр Жоомарт Оторбаев, депутаттар, министрлер, аталган окуяда көз жумган баатырлардын туугандары жана башкалар катышты. Келечек үчүн өмүрүн берген азаматтар үчүн куран окулду.