"Журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө катыштыгы бар" деп шектелип УКМКнын эки кызматкери кармалды

"Журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө катыштыгы бар" деп шектелип УКМКнын эки кызматкери кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 7-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, кармалгандарга "Геннадий Павлюктун өлүмүнө катыштыгы бар" деген айып тагылууда. Учурда алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул иш боюнча тергөө тобу түзүлдү.

Айта кетсек, 2011-жылдын 10-октябрында Алматы райондор аралык соту тарабынан Павлюктун өлүмү боюнча КРнын УКМКнын мурдагы кызматкери А.Исманкулов, Казакстандын жараны А.Игиликов жана Ш.Орозалин сот жообуна тартылган.

Эске сала кетсек, 2009-жылдын 16-декабрында кыргызстандык журналист Геннадий Павлюк киши колдуу болуп, оор абалда Алматыдагы ооруканага түшкөн. Журналист бир апта ооруканада дарыгерлердин көзөмөлүндө эсине келе албай жатып, жарык дүйнө менен кош айтышкан. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан