Башкы прокурор: "Тергөө материалдары жетиштүү топтолсо, башка депутаттарга да кылмыш иши козголуп, алардын аттары аталат"

"Эгер тергөөгө материалдар жетиштүү топтолсо, башка депутаттарга да кылмыш иши козголуп алардын аттары аталат". Бул тууралуу ЖКнын 26-декабрдагы жыйынында Башкы прокурор Аида Салянова билдирди. Анын айтымында учурда тергөөдө айрым депутаттарга байланыштуу материалдар бар. Эскерте кетсек, Аида айым бул маалыматты депутат Жылдыз Жолдошованын "дагы канча депутатка кылмыш иши козголот" деген суроосуна жооп катары билдирди. "Баары мыйзам чегинде болуш керек, айрым депутаттар мага "бул күндөр да өтөт, кийин өкүнөсүз" деп жатат. Мен андай нерселерден коркпойм, бир гана Кудайдан жана өз абийиримден корком" деди Башкы прокурор.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан