Чүйдө коңшу өлкөгө аткезчилик жол менен товар өткөрүүгө аракет кылгандар кармалышты. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 7-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 5-апрель күнү милиция кызматкерлерине чек ара бөлүгүнөн маалымат келип түшкөн. Анда 29 жаштагы Ысык-Ата районунун В.Х. аттуу тургуну жана 19 жаштагы Казакстандын Ю.М. аттуу жараны кармалганы айтылган. Алар Форд Транзит унаасы менен чек ара аркылуу эл керектөөчү товарларды аткезчилик жол менен Казакстанга өткөрүүгө аракет кылышкан. Учурда “контрабанда” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.