Парламент депутаты Исмаил Исаков саясатчылардын жана жооптуу кызматкерлердин чет өлкөдөн активге ээлик кылып, кыймылдуу мүлк сатып алышына тыюу салууну демилгелеп жатат. Тийиштүү мыйзам долбоору бүгүн, 7-апрелде ЖКнын Коррупцияга каршы күрөшүү комитетинин жыйынында каралды.
“Ата-бабаларыбыз эл башкарган адамдын өлкөсүнөн сыртка мыкты ордо салышын чыккынчылык деп айтып келишкен. Бул сыртка качып кетүүгө даярдануу. Буга Акаев менен Бакиев жакшы мисал боло алат. Саясий кызматкер болсоң, үйүңдү өз өлкөңдө сал, салыктарды төлө жана чет өлкөгө качууга камданба”,- деди Исаков.