Акыркы 2 жуманын ичинде баңгизатын мыйзамсыз сактаган 16 адам кармалды

2014-жылдын 23-мартынан 5-апрелине чейин баңгизатын мыйзамсыз сактаган 16 адам кармалды. Алардан жалпысынан 35 килограмм 234 грамм маңзаты алынган. Бул тууралуу бүгүн, 7-апрелде КРнын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызматы билдирди.

Маалым болгондой, 28-мартта Караколдо 1976-жылкы жаран 8 килограмм 800 грамм марихуана менен кармалган. 29-мартта Балыкчыда кылмышка шектүүнүн үйүнөн 825 грамм марихуана жана 305 грамм гашиш табылган. 1-апрелде Ысык-Көл облусунун Түп районунда 56 жаштагы жаран колго түшүрүлүп, андан 1 килограмм 510 грамм марихуана табылган.

Аталган фактылар боюнча кылмыш иштери козголуп, учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
NSS88
2014-04-07 18:13:34
Кызык а мыйзам жолунда сактаган кандай болот экен ал нерсеге ким уруксат берет экен
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан