2013-жылы Кыргызстанда пенсиянын орточо көлөмү 4696 сом болот

25-декабрда ЖКнын Социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында өкмөт тарабынан демилгеленген “КРнын Социалдык фондунун 2012-жылга бюджети жана 2013-2014-жылдарга божомолу жөнүндѳ” КРнын мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору талкууланды. КРнын Социалдык фондунун төрагасы Мухеметкалый Абылгазиевдин айтымында, 2013-жылы пенсиянын орточо көлөмү 4696 сом болот. Ал эми 2014-жылы бул сумма 5167 сомду түзө турган болсо, 2015-жылга карата 5681 сомго жеткирүү болжолдонууда. Учурда пенсиянын орточо суммасы 4270 сом.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан