18-марттан тарта Ош-Баткен-Исфана унаа жолун оңдоо иштери жанданды. Транспорт жана коммуникация министрлигинин билдиришинче, жолдун 24-28-чакырымында же Ноокат ашуусунда иш жүрүп жатат.
“Аталган аймактагы жол асфальт төшөөгө даярдалып жатат. Иштер Дүйнөлүк банк бөлүп берген 779 миллион сомдун эсебинен жасалууда, анын 358 миллиону колдонулду. 14-декабрда курулуш иштери Ноокат ашуусунда аяктайт”,- деп билдирет министрлик.