* 1926-жылы, мындан 88 жыл мурун Касым Тыныстановдун латын алфавитинин долбоору жана мааниси тууралуу макаласы "Эркин-Тоо" гезитине жарыяланган. Латын алфавитин адегенде жактаган адам Касым Тыныстанов болгон. Анын "Баку калаасында боло турган түркология съезди жана анын кадыры" деген макаласы "Эркин-Тоо" гезитине чыккан. Макалада латын алфавитинин долбоору жана мааниси көрсөтүлүп, аны кабыл алуу зарылчылыгы белгиленген.
* 76 жыл мурун, 1938-жылы
БУУнун мурдагы генералдык катчысы Кофи Аннан туулган. Кофи Аннан Швейцария,
АКШнын колледждеринде билим алып, бакалавр даражасына ээ болгон. Кийин АКШдагы
Массачусетс технологиялык институтуна тапшырып, студент кезинен баштап БУУда
иштей баштаган. Кофи Аннан 1997-жылдын 1-январынан тартып БУУнун катчысы болсо,
2001-жылы 29-июнда экинчи ирет шайланган. Ал эми 2006-жылы 31-декабрда ишин жыйынтыктаган.
Ал 2001-жылы "Нобель" сыйлыгына арзыган.
* Туура 69 жыл мурун, тактап айтканда, 1945-жылы Улуу Ата Мекендик согушка байланыштуу токтотулган футболдук оюндар кайра жанданган. Фрунзе шаарында шаарлар аралык оюн өтүп, ВЦСПСтин 1944-жылкы чемпиону "Торпедо" командасы фрунзелик чек арачылар командасын 9:0 эсеби менен утуп алган.
* 1966-жылы, мындан 48 жыл мурун Фрунзе полиграфиялык комбинаты ишке киришкен. Жаңы комбинат убагында Орто Азиядагы эң кубаттуу ишканалардын бири болуп эсептелинген.
* 1973-жылы, 41 жыл мурун испаниялык сүрөтчү, айкелчи, график, керамист жана дизайнер Пабло Пикассо 91 жашында каза болгон.
* 2013-жылы, 1 жыл мурун
Улуу Британиянын "темир айым" атыккан айтылуу экс-премьер-министри
Маргарет Тэтчер 87 жаш курагында жүрөк оорусунан улам каза болгон.
Жылнаама толугу менен бул жакта...