Аида Салянова депутаттарга "мени коркутпагыла" деди

Башкы прокурор Аида Салянова парламенттин кезектеги жыйынында депутаттардан аны коркутпоону суранды. Эске салсак, вице-спикер Бөдөш Мамырова Аида Саляновага: "Коомчулук Садыр Жапаровду күнөөсүз деп айтууда. Ошентсе да Башкы прокуратура аны камакка алып койду. Аида Жеңишбековна, бул күндөр да өтөт. Ошондо ушул кылганыңыз үчүн өкүнөсүз. Андыктан абайлап жүрүңүз. Башкы прокуратура соттун чечимисиз Садыр Жапаровду парламенттин жыйынына алып келүүгө макулдугун бербей койду. Эмитен сот үчүн жооп берип жатсаңыз, жакында президент үчүн дагы жооп берип каласызбы?!"- деген эле. Буга жооп катары Аида Салянова жалпы депутаттардан аны коркутпоону суранып, бир гана Кудайдан коркорун айтты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан