8-апрелде түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт, күндүз жаан-чачын күтүлбөйт. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9-метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +10°C, түнкүсүн +5°C
Талас облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн +5°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +11°C, түнкүсүн +5°C
Баткен облусу. Күндүз +10°C, түнкүсүн -1°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн +5°C
Нарын облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн +1°C
Бишкек шаары. Күндүз +8°C, түнкүсүн +2°C
Эскертүү!
8-9-апрелде түнкүсүн Талас, Чүй өрөөндөрүндө, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектеринде, айрым жерлерде үшүк жүрүшү күтүлөт. Мындай үшүктүн жүрүшү мөмөлүү бактарга коркунучтуу.