Алмазбек Атамбаев Ички иштер органдарынын ардагерлери менен кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

"Урматтуу Ички иштер органдарынын кызматкерлери! Ардактуу ардагерлер! Сиздерди Кыргыз милициясы түзүлгөн күн менен куттуктайм! Өлкө сыяктуу ички иштер органдары башынан ар кандай күндөрдү өткөрдү. Бирок эл ичинде сиздерге кайрылып, коргоо табам жана акыйкаттык орнойт деген үмүт дайыма сакталып келген. Учурда ички иштер органдарында жасалып жаткан реформалар элдин ишенимине ээ болууга багытталган. Ар бир милиция кызматкеринин мамлекеттүүлүгүбүздү коргоодо ишенимдүү түркүк болуусу маанилүү. Сиздердин так иш-аракеттериңиздердин негизинде гана Кыргызстан стабилдүү, өнүккөн, укуктуу жана демократиялуу өлкө болот. Албетте, бул өтө чоң үмүт жана аны чынчыл, эр жүрөк жана чыныгы кесипкөйлөр гана актай алат. Чын жүрөктөн сиздерге чың ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм! Мекенибиз тынчтыкта гүлдөп-өнүгө берсин!"- деп айтылат КРнын Президентинин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү тараткан куттуктоодо. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан