Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Бакай-Ата айылынын Манас көчөсү-98-дарегиндеги №1-бала бакчанын жер төлөсүндө электр калканы күйгөн. Бул тууралуу бүгүн, 8-апрелде КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, түтүнгө уулануудан жана өрттүн тутанып кетүү коркунучунан 137 бала, 33 персонал эвакуацияланган. Өрттүн чыгышына электр жабдууларын пайдаланууда техникалык эрежелердин сакталбагандыгы себеп болгон.