“Кара-Кулжа районунда бир канча айдан бери уурулук кылып жүргөн” деп шектелип 17 жаштагы бала кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кечээ, 7-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган өспүрүм бир канча тоноо фактысына шектелүүдө. Ал жеке ишканаларга, дүкөндөргө жана мамлекеттик мекемелерге кирип, баалуу буюмдарды уурдап чыгып кетчү. Ошондой эле терминалды талкалап, ичиндеги акчаларды алып кеткени аныкталган.
Учурда уурдалган 120 миң сомдук буюмдар ээлерине кайтарылып берилди.