Жалал-Абад шаарынын мэриясы "кызматкерлерге мусулман кийимин кийүүнү сунуштаган" деген маалымат жалган экенин айтып чыкты

“Жалал-Абад мэриясы мамлекеттик кызматкерлерге мусулман кийимин кийүүнү сунуштаган" деген маалымат жалган экенин бүгүн, 8-апрелде Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы таратты.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад мэриясынын мекеме-ишканалар арасында ар аптанын жума күнү кыргыздын улуттук кийимин: мырзаларга калпак, ал эми аялдарга тыкан тигилген улуттук үлгүдөгү кемсел кийүү гана сунушталган.

"Бул идея төрт жылдан бери коомчулук арасында колго алынып, жума күндөрү кийип келишет. Мунун динге эч кандай тиешеси жок",- дейт Мамлекеттик тил комиссиясынын төрайымы Үпөл Асаналиева.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан