Мамбетжунус Абылов, оппозиционер: "Милицияданбыз деген белгисиз бирөөлөр үйүмө келип, эшигимди ачканга аракет кылышты"

Улуттук оппозициялык кыймылдын 10-апрелдеги митингинин коменданты, оппозиционер Мамбетжунус Абылов 8-апрелде SUPER.KG порталына "кечээ, 7-апрелде үйүмө милицияданбыз деп белгисиз бирөөлөр келип, эшигимди ачканга аракет кылышты" деп билдирди. 
"Кечээ Бишкек ШИИББинен "келиңиз, сүйлөшөлү" деп мага телефон чалышты. Мага мыйзам жүзүндө чакыруу кагазын жөнөтүп, себебин түшүндүргөндө гана адвокат менен барарымды айттым. 
Анан кечинде бирөөлөр үйүмдүн коңгуроосун чырылдатып калышты. "Ким?" деп сурасам, "Милицияданбыз, эшигиңди ач!" дейт. Мен "эртең жарыкта келгиле", десем көнүшпөйт. Бишкек милициясындагы Буларкиевге чалсам, ал "биз милиция жөнөткөн эмеспиз" деди. Эшикти ачпай койдум”,- дейт Мамбетжунус Абылов.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан