"Кыргызстан 2013-жылы унсуз калбайт",- деп мамлекеттик “Дан” мекемесинин башкы директору Валерий Новиков билдирди. Анын айтымында, Орусия Кыргызстан үчүн гранттык негизде убада кылган 20 тонна буудайдын 3 тоннасы гана келген. Калган 17 тонна жаңы жылдан кийин келет. Мындан сырткары өкмөт Казакстандан дагы 20 тонна буудай сатып алган.