Бишкекте бир канча уурулук фактысына шектелип 37 жаштагы айым кармалды

Бир канча уурулук фактысына шектелип 37 жаштагы айым кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга 23 жаштагы борбор шаардын тургуну кайрылган. Ал дүкөндөрдүн биринен 744 сомдук азык-түлүк товарларын уурдап кеткенин айткан. Бул иш боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, анын натыйжасында 37 жаштагы К.Айсулуу аттуу Бишкек шаарынын тургуну кармалган. Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектүүнүн ушул сыяктуу 5 фактыга тиешеси бар экени аныкталды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Desmond
2014-04-08 09:58:47
Уят эле
0
Pearl.06
2014-04-08 10:35:05
Уятты билет дейсиңби ал жөнүндө түшүнүгү жок, түшүнгүсү да келбеген неме да аял башы менен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан