“Коомдук унаалардын ичинен бир канча уюлдук телефон уурдаган” деп шектелип 23 жаштагы Кант шаарынын тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Октябрь райондук милиция кызматкерлерине 23 жаштагы Э.Гүлзада аттуу айым кайрылган. Анда №113-каттамдагы коомдук унаадан белгисиз бирөө күрмөсүнүн чөнтөгүндөгү 6000 сомдук уюлдук телефонун уурдап кеткенин айткан.
Ыкчам аракеттердин натыйжасында аталган кылмышка шектелип 23 жаштагы Ж.Бактияр кармалды. Ал Кант шаарынын жашоочусу болгон. Иликтөөнүн жүрүшүндө анын мындан башка дагы ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар экени аныкталды. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.