“Мектеп окуучусунун уюлдук телефонун тартып алган” деп шектелип 40 жаштагы шаар тургуну кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, Бишкек шаарынын Ленин райондук милиция кызматкерлерине 25 жаштагы шаар тургуну кайрылган. Анда ал белгисиз бирөөлөр 1996-жылкы инисинин 5000 сомдук уюлдук телефонун тартып алышканы туурасында айткан. Бул боюнча ыкчам аракеттер жүрүп, кылмышка шектелип 18 жаштагы Д.Азамат жана 40 жаштагы А.Атай кармалды. Учурда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүп жатат.