Бишкек шаарында Президенттик балаты майрамы болуп өттү

Бүгүн, 26-декабрда Бишкек шаарындагы А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрында Президенттик балаты майрамы болуп өттү. Майрамга өлкөнүн ар кайсы бурчунан 800дөй ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген, аз камсыздалган үй-бүлөлөрдүн балдары, ата-энесиз балдар жана мыкты окуган 8 жаштан 13 жашка чейинки окуучулар катышты. Президенттик балатыга шаар башычысы Иса Өмүркулов, Билим берүү жана илим министри Канат Садыков, биринчи айым Раиса Атамбаева жана өлкө башчы Алмазбек Атамбаев катышты. Балдарга атайын жаңы жылдык концерт тартууланып, Алмазбек Атамбаев балдарды Жаңы жылы менен куттуктады. Балдарга президенттин атынан таттуу белектер жана саат ыйгарылды. Өз кезегинде балдар ажого жаштардын символу катары түндүк белек кылышты. Президенттик аппараттын социалдык саясат бөлүм башчысы Гүлмира Кудайбердиеванын айтымында, майрамды уюштуруу, жол кире төлөө, белектерди сатып алуу үчүн 3 миллион сомдой акча каражат сарпталып, анын 1 миллион 700 миң сому президент Алмазбек Атамбаевдин фондунан бөлүндү.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан