Парламенттеги “Ынтымак” депутаттык тобу “Мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн” көпчүлүк коалициясына кошулду. Тийиштүү макулдашууга бүгүн, 8-апрелде кол коюлду.
Аталган топтогу депутаттар төмөнкүлөр:
Алмазбек Баатырбеков (мурда “Республика” фракциясында болчу)
Бахадыр Сулейманов (мурда “Ата Журт” фракциясында болчу)
Шаршенбек Абдыкеримов (мурда “Республика” фракциясында болчу)
Элмира Жумалиева (мурда “Ата Журт” фракциясында болчу)
Элмира Иманалиева (мурда "Ата Журт" фракциясында болчу)
Бакыт Шаршеев (мурда "Ата Журт" фракциясында болчу)
Нурбек Алимбеков (мурда "Республика" фракциясында болчу)
Акылбек Эшимов (мурда "Республика" фракциясында болчу)