Балыкчы шаардык соттук-медициналык экспертизасынын жетекчисине “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”, “кызматтык жасалмачылык”, “атайылап жалган көрсөтмөлөрдү берүү, эксперттин, адистин жалган корутунду чыгаруусу же туура эмес которуу” беренелери боюнча айып тагылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 8-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда, 2013-жылдын 18-майында Балыкчы шаарында Д.Талканбаев аттуу жаран каза болгон. Бул боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок Балыкчы шаардык соттук-медициналык экспертизасынын жетекчиси А.К. иликтөө жүргүзбөстөн жана өлүктүн ичин ачпастан жалган чечим чыгарган. Бул денени кайра казып чыгып, текшерүү учурунда белгилүү болгон. Учурда кылмыш иши Балыкчы шаардык сотуна жөнөтүлдү.