Бүгүн, 8-апрелде Ош шаарындагы «Кыргыз-түрк достугу» атындагы №52-мектепте "Манас", "Семетей", "Сейтек" үчилтигинин видеожыйнагынын бет ачары өтөт. Саамалык кыргыз элинин руханий маданиятынын туу чокусу болгон «Манас» эпосун сактоо, изилдөө, аны кеңири жайылтуу жана Кыргызстанды 2012-2017-жылдар аралыгында өнүктүрүү боюнча улуттук программаны аткаруу максатында өткөрүлөт. Ага белгилүү манасчылар Рыспай Исаков, Кубанычбек Алмабеков, Камил Мамадалиев, Улан Исмаилов жана Базарбай Солпуевдер катышышат.
Үчилтиктин видеожыйнагы менен окуучулар тааныштырылып, дисктер мектептерге акысыз таратылат.
Иш-чарага шаарыбыздагы ар бир мектептен "Манас" айткан окуучулар, ошондой эле кыргыз тили жана адабияты мугалимдеринин катышары күтүлүүдө. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.