Жалган маалымат тараткандыгы үчүн ММКлардын жоопкерчилигин күчөтө турган мыйзам долбоорундагы санкциялар жумшартылды. Муну бүгүн, 8-апрелде Жогорку Кеңештин Мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитетинде депутат Нуркамил Мадалиев билдирди. Айтымында, кылмыштуулук боюнча жалган маалымат таратканы үчүн 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салуу же 1 жылга эркинен ажыратуу каралууда.
Оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча айыптаган жалган билдирүү үчүн 100-200 миң сом айып пул же 1 жылдан 3 жылга чейин эркинен ажыратуу сунушталып жатат.
Ал эми уюшкан топтордун кызыкчылыгы үчүн жасалган аракет боюнча санкция жумшартылды. Тактап айтканда, буга чейин үчүнчү вариант боюнча 3-5 жыл эркинен ажыратуу сунушталып, бирок 1-3 жыл деп өзгөртүлдү.