КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлиги: "Москвадан кыргыз энелери төрөп таштап кеткен 4 наристе алынып келинди"

Кыргыз энелери төрөп таштап кеткен 4 бөбөк Орусиядан Кыргызстанга алынып келинди. Бул тууралуу КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. 1 айдан 9 айга чейинки курактагы наристелерди дарыгерлер текшерүүдөн өткөрүп, Токмок шаарындагы адистештирилген бөбөктөр үйүнө өткөрүлүп берилди. Айта кетсек, КРнын Социалдык өнүктүрүү министрлигине Москвадагы камкордук кылуу кызматтары кыргыз энелеринин кароосуз калган балдарын алып кетүү өтүнүчү менен кайрылышкан. Бул кароосуз калып, Москвадагы балдар үйүнө түшүп калган балдарды алып келүү боюнча алгачкы иш эмес. 2011-жылдан бери мекенине баш-аягы 24 наристе алынып келинген. Балдарды алып келүү КРнын Өкмөтүнүн резервдик фондунан бөлүнгөн каражаттын негизинде ишке ашырылууда. Кошумчалай кетсек, ушул тапта Социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан алынып келинген балдардын ата-энесин жана туугандарын издөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан