Бишкекте аскердик кызматка чакырылган жарандар Улуттук гвардияга жана "Кой-Таш" аскер бөлүгүнө жөнөп кетишти (фоторепортаж)

Бүгүн, 8-апрелде Бишкектеги Республикалык топтоо пунктунда Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун мөөнөттүү аскер кызматына чакырылгандар салтанаттуу түрдө узатылды. КРнын Куралдуу күчтөрүнүн катарына кызмат өтөөгө чакырылган жарандар Улуттук гвардияга жана "Кой-Таш" аскер бөлүгүнө бөлүнүп, жөнөп кетишти.

Кошумчалай кетсек, мындай иш-чаралар республиканын башка Топтоо пункттарында да жүрүп жатат. Мөөнөттүү аскер кызматына чакырылгандар Коргоо министрлигинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын, КРнын Улуттук коопсуздук кызматынын, Улуттук гвардиянын аскер бөлүктөрүндө жана Жазаларды аткаруу кызматынын түзөтүү мекемелерин кайтаруу жана соттолгондорду коштоп жүрүү департаментинде кызмат өтөшөт. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
nur.ai
2014-04-08 12:03:01
Ийгилик кыргызымдын патриоттору...
+2
acer11
2014-04-08 12:07:16
ийгилик жоокерлерге мекенибизде тынчтык болсун.
+1
aykyz
2014-04-08 12:08:36
көк пакеттери сонун го))). Жакшы фоторепортаж экен)))
+1
GUMU
2014-04-08 12:13:34
Кыргызстаныма кызмат кылам деп келген тилектеринер орундалсын, аман-эсен милдетинерди отоп келгиле патриоттор!!!(боодо кырсыктан тышкары)
+5
jora1405
2014-04-08 12:27:40
Кыргызтанд башка улут жашабайбы жонотушпойбу озбек дунган уйгур булар армияга барышабы
+4
Dadin
2014-04-08 12:44:12
jora1405, алар акча берип сатып алышкан,коррупция деген гулдоп жатат военкаматтарда.
+3
bishkek.kg
2014-04-08 16:33:26
jora1405, алар конок
0
Mir.mir
2014-04-08 12:38:48
Азаматсынар элинердин керегине жараган партриот, мырзалардан болуп келгиле ийгилик качып кетпегиле 2айдан кийин...
0
Мэри
2014-04-08 14:37:20
Ий, байкуштар, боорум ооруп кетти бир чети...
Кызматыңарды жакшы өтөп, аман-эсен келгиле...
+1
asiret
2014-04-08 16:59:05
Кыргыздын чек арасын кыргыздан башкасы коргобойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан