Жыл башынан бери 212 чет элдик жаран административдик жоопкерчиликке тартылган

2014-жылдын биринчи кварталында 212 чет элдик жаран административдик жоопкерчиликке тартылган. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 8-апрелде билдирди.

Маалыматка караганда, жоопко тартылган 197 жаранга 206 миң сомдук айып пул салынса, 15и өлкөдөн чыгарылган. Айып пул салынгандардын 58и Кытай Эл Республикасынын жараны, Түркия – 38, Палестина – 6, Өзбекстан – 15, АКШ – 1, Орусия – 17, Түркмөнстан – 5, Шри-Ланка – 2, Корея – 7, Ооганстан – 1, Япония – 3, Индия – 6, Иран – 38.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dadin
2014-04-08 12:46:15
Айып пул салып эле тим болбостон, Кыргызстанга кайтып келбей турган кылып депорт кылыш керек!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан