ӨКМ эскертет: Кырсыктарды эскертүүчү жарандык коргонуунун сигналдары иштеп баштайт

КРнын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө боюнча кырсыктарды эскертүүчү жарандык коргонуу сигналдары иштеп баштаарын маалымдады. "Жарандык коргонуунун “Баарыңар көңүл бургула!” сигналы улуу муундун адамдарынын эсинде жана аларды жакшы билет. Азыркы учурда биздин өлкөбүздө кесепеттери талкаланууга, калктын жашоо-тиричилигин бузууга жана адамдардын өлүмүнө алып келүүчү табигый кырсыктар, авариялар катталууда. Мындай учурда согуш аракеттеринин коркунучу чоң. Согуш аракеттеринин жүрүшүндө табигый кырсыктардын же авариялардын, коркунучтардын орду толгус кесепеттерин, эгерде өз убагында эскертүү алынса, аларды болтурбоо же азайтуу мүмкүн. Ушундай максаттар үчүн жарандык коргонуунун сигналдары колдонулат. 

Жарандык коргонуу сигналдары калкты өзгөчө кырдаалдар жөнүндө жана душмандын кол салуу коркунучунун пайда болуусунда кабарлоого багытталган. Жарандык коргонуунун эскертүүчү сигналы болуп “Бардыгыңар көңүл бургула!” эсептелет. Бул сигнал калктын бааргын авария, кыйроо, табигый кырсык, душмандын кол салуу коркунучтары тууралуу көңүлдөрүн буруу максатында берилет. Сигнал сиреналарды иштетүү менен, катуу сүйлөөчү байланыш тургузулмалары аркылуу транспорттук жана башка каражаттардын тез-тез берилип туруучу гудоктор аркылуу берилет.

Калктын аракеттери: сиренанын, гудоктордун  жана башка сигналдык  каражаттардын  үндөрүн  угуу менен  тез арада  радиону, телевизорду  иштетип  КР ӨКМнын  Бишкек  шаары  боюнча  башкармалыгынын   аракеттеринин тартиби жөнүндө билдирүүлөрүн угуңуздар. Ал маалыматтарды кошуналарга жеткизип, андан кийин алынган маалымат боюнча аракет кылыңыздар.

КРнын ӨКМнын  Бишкек  шаары  боюнча  башкармалыгы Бишкек  шаарынын жарандык коргонуусунун начальнигинин макулдашуусу боюнча 2013-жылдын январь айынын ичинде Бишкек шаарынын калкын Жарандык коргонуунун үндүү сигналдарга практикалык окутуу максатында  С-40 электр сиреналарын окутуу-машыгуу үчүн жандыруу жүргүзүүнү пландаштырган.   

Бишкек шаарынын аймагында С-40 электросиреналарынын добушу чыкканда дүрбөлөңгө түшүүнүн кажети жок жана бул иш-чарага түшүнүү менен мамиле кылуу керек, тактап айтканда, азыркы муун жарандык коргонуунун үндүү сигналдары жана кийинки аракет кылуулардын тартиби жөнүндө түшүнүктөрү жок. Ошондой эле бул иш-чара электросиреналарынын техникалык абалын текшерүү максатында жүргүзүлүүдө.

Бул иш-чара үндүү сигналдарды текшерүү максатында жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу калктын өзгөчө кырдаалдардагы аракеттери боюнча массалык-маалымат каражаттары (телевизор, радио) аркылуу көрсөтмөлөрдү берүү каралган эмес",- деп айтылат министрликтин расмий кайрылуусунда.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан