2014-жылдын 7-апрель күнү саат 08:45тен саат 09:00гө чейин Чүй облусунун Ысык-Ата районунда катуу шамал болгон. Ошол учурда 1984-жылы туулган Азамат Сеитов сарайдын чатырын бекемдеп жүргөн. Катуу шамал аны сарайдын чатыры менен кошо учуруп кеткен. Ал алган жараатынан улам Новопокровка аймактык ооруканасына жатып, 2014-жылдын 8-апрели күнү эртең менен каза болду. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.