Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында жаңы дайындоолор болду. Бул тууралуу бүгүн, 8 - апрелде башкармалыктын басма сөз кызматы маалымдады.
Маалыматка таянсак, ажылык-умра бөлүмүнө, окуу жайлар, карылар жана балдар үйү бөлүмүнө, үгүт-насаат жана мечиттер бөлүмүнө, жаштар жана ар түрдүү агымдар менен иштөө бөлүмүнө жаңы башчылар жана адистер дайындалды.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы маалымдагандай, аталган кызмат орундарына талапкерлер арасында сынак өтүп, жеңүүчүлөр тандалды.
Ажылык-умра бөлүмүнө - Мухаммад Анаркулов, бөлүм башчы;
Окуу жайлар, карылар жана балдар үйү бөлүмүнө - Акимжан Эргешов, бөлүм башчы;
Башкы адиси - Жакшылык Борочоров;
Үгүт-насаат жана мечиттер бөлүмүнө - Билалидин Сайпиев, бөлүм башчы;
Жаштар жана ар түрдүү агымдар менен иштөө бөлүмүнө Данияр Мурадилов бөлүм башчы болуп дайындалды.