7-апрель күнү Чүй облусунда жана Балыкчы шаарында болгон катуу шамалдын кесепеттери такталууда. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 8-апрелде билдирди.
Маалымат болгондой, 7-апрель күнү эртең менен ылдамдыгы секундасына 25 метрден 35 метрге чейин жеткен катуу шамал катталган. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы шамалдын кесепетин тактоодо. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыйроолор бар.