Аида Салянова: "Парламент макулдук берсе, Садыр Жапаровго эртең айыбын угузууга даярбыз"

ЖКнын 26-декабрдагы жыйынында депутат Курмантай Абдиев башкы прокурор Аида Саляновага "добросовестный покупатель" деген эмне?" деп суроо берип, Садыр Жапаров Бишкектин Киев көчөсүндөгү имаратты мыйзамсыз экенин билбей туруп сатып алганын айтты. Буга Аида Салянова "сиз менден сынак албаңыз. Муну жаш бала деле билет, маселе боюнча суроо берсеңиз, жооп берүүгө даярмын. Садыр Жапаров бул имараттын кимге таандык экенин билген" деди. Башкы прокурор ошондой эле "эгер парламент макулдук берсе, Садыр Жапаровго эртең айыбын угузууга биз даярбыз" деди Салянова.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан