Бүгүн, 26-декабрда Нурлан Мотуев журналисттерге маалымат жыйынын берди. Анда Мотуев акыркы учурдагы ага байланышкан чууларды бийликтин жасаганы деп билдирди. Анткени Мотуевди муфтийликке жана акыйкатчылыкка көрсөтүү демилгеси болгонун, так ошол учурда мындай иш менен аны каралоо болгонун айтты. Мындан сырткары декабрь айынын башында митинг өткөрүүгө камынганын, балким, бул окуя ошол себептүү уюштурулганын кошумчалады. Эскерте кетсек, ушул айдын башында Алия аттуу кыз "Мотуев зордуктады" деп милицияга кайрылган. Натыйжада Мотуев убактылуу камакка алынган. Ал 24-декабрда соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыкканын жана анда "эч кандай зордуктоо болгон эмес" деген чечим жазылганын кабарлады. Эми ал ошол Алия аттуу кызды сотко берерин айтып, “ал учурда психиатриялык ооруканада, камап салат деп коркуп жатат” деди.